Ысырапчылык – бул кемчилик жана жаман көрүлгөн сыпат. Аллах Тааланын кереметтүү Куран китебинде анын жамандыгы жөнүндө айтылган жана ысырапкорчулуктан тыйган, ошондой эле ысырапкор адамдар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте кандай жаза колдонулаары тууралуу көптөгөн аят-хадистер келген.

Куранда жыйырмадан ашуун жерде ысырап кылуудан тыйып, ысырап кылган адамдарды жемелеп келет.

Аллах Таала ысырапкорлорду жаман көргөндүгүн кабарлап, мындай дейт:

«Ысырап кылбагыла! Чындыгында Аллах ысырапкорлорду жаман көрөт». (Аьрооф сүрөөсү, 31-аят)

Ал эми башка аятта Аллах Таала ысырапкорлор тозок ээлеринен экендигин кабарлап, мындай дейт:

«Чындыгында ысырапкорлор, дал ошолор тозок ээлери». (Гоофир сүрөөсү, 43-аят)

Ошондой эле Аллах Таала ысырапчылык адамдын кыйроосуна жана бул дүйнө жана акыретте азапка дуушар болуусуна себеп болоорун кабарлап, мындай дейт:

«Кийин Биз Пайгамбарларга берген убаданы аткарып, аларды жана Өзүбүз каалаган адамдарды куткарып, чектен чыккан ысырапкорлорду кыйратып салдык». (Анбия сүрөөсү, 9-аят)

Аллах Таала айтты:

«Эгерде Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген бай адамдарына буюрабыз. Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, аларга азап түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз». (Исро сүрөөсү, 16-аят)

Чындыгында ысырапчылык нафсиге кооз көрүнүп, жамандыкка алып барат жана ал шайтандын азгырыгы. Бул жөнүндө Аллах Таала мындай деген:

«Ысырапчыл адамдарга жасаган иштери ушинтип кооз көргөзүлүп койулат». (Юнус сүрөөсү, 12-аят)

Ошндой эле Аллах Таала ысырапчылык туура жолдон тосоорун баяндап, ушундай дейт:

«Чындыгында Аллах ысырапчыл жалганчыларды туура жолго баштабайт». (Гофир сүрөөсү, 28-аят)

Дагы башка бир аятта мындай дейт:

«Аллах шекчил ысырапкорлорду ушинтип адаштырат». (Гофир сүрөөсү, 34-аят)

Ушул мааниде келген аяттар өтө көп.

Ысырапчылык деген сөздүн мааниси – бардык иштерде аша чабуучулук дегенди билдирет. Көптөгөн адамдар түшүнгөндөй “ысырапчылык” деген сөз нафака (үй-бүлөнү материалдык жактан, башкача айтканда, турак-жай, кийим-кече жана тамак-аш менен камсыздоо) менен гана чектөлген түшүнүк эмес.

Ийаас бин Муавия деген аалым ысырапчылыкты мындай деп түшүндүрөт: «Аллах Тааланын кайсы бир буйругунда чектен чыксаң, мына ошол ысырапчылык».

Демек, ысырапчылыктын түрү көп, ал жеп-ичүүдө гана айтылуучу сөз эмес экендигин жогоруда айтылып өткөн аяттардан түшүнсөк болот.

Ысырапчылыктын эң чоңу – ааламдардын Раббиси болгон Аллах Таалага каапыр болуу жана Ага шерик кошуу жана пайгамбарларды жалганга чыгаруу. Бул туурасында Аллах Таала мындай дейт:

«Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чындыгында Акырет азабы катуу жана түбөлүктүү». (Тоха сүрөөсү, 127-аят)

Ысырачылыктын түрлөрүнүн бири – өч алууда, тагыраак айтканда, өлтүрүүдө ысырап кылуу, өлтүргөн адамдын оозу-мурдун тилип, кулактарын кесип, же анын ордуна башка бирөөнү өлтүрсө, же болбосо өлтүргөн адамдын туугандарына зулум жана зыян жеткирсе албетте, бул чектен чыккандык (ысырапчылык). Булардын баарысы шариатта арам болуп саналат. Бул туурасында Аллах Таала мындай дейт:

«Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен гана болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал – жардам берилген адам». (Исро сүрөөсү, 33-аят)

Ысырапчылыктын түрлөрүнүн дагы бири – бузукулук иштерди кылуу. Ошондуктан Лут (алайхиссалам) өз коомуна эскертме-насаат айтып жатып, мындай деди:

«Силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумар менен (артынан) келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул арам!) Силер чектен чыккан ысырапкор коомсуңар!»,– деди». (Аьроф сүрөөсү, 81-аят)

 Аллах Таала аларга кандай жаза болоорун баяндап, мындай дейт:

«Оо, элчилер,эмне иш менен (келдиңер)?». (Периштелер) айтышты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик». «Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн». «Ал ысырапкорлор үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип койулган». (Зарият сүрөөсү, 31-34-аят)

Натыйжада, кандай гана күнөө иш болбосун, ал ысырапчылык болуп, аны кылган адам жазага татыктуу болот.

Ал эми акча сарптоо, жеп-ичүү, кийим-кечедеги жана башка ушул сыяктуу нерселердеги ысырапчылык ал адамдар арасында белгилүү эле маселелерден. Аллах Таала айтты:

«Жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чындыгында Аллах ысырапкорлорду жаман көрөт». (Аьрооф сүрөөсү, 31-аят)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дейт:

«Жегиле, ичкиле, кийгиле жана садака бергиле. Бирок, бой көтөрбөгүлө жана ысырап кылбагыла!».

Ал эми башка бир риваятта айтат: «Каалаган нерсеңди же! Жана каалаган нерсеңди кий! Бирок, сени эки нерсе адаштырып койбосун – ысырапчылык менен бой көтөрүү». (Имам Ахмад риваяты).

Ошондой эле сүткорлук, пара алуу менен пайда таап жеген жана кумарканаларда, соода-сатыкта адамдарды алдоо жолу менен табылган акчалардын баарысы ысырапчылык. Ошондой эле Аллах Таала арам кылган маңзат колдонуу, арак ичүү, тамеки тартуу мына ушул сыяктуу иштердин баары ысырапчылык болуп эсептелет. Канчалаган акчалар ушундай арам иштерге сарпталып жатат?! Булардын баарысы ысырапчылык. Алар ким болгонуна каралбастан, жазага тартылышат.

Кийим кийүүдө эле канчалаган адамдар ар түрдүү ысыраптарды кылышат. Эркектер жибектен кийим кийип, алтындан шакектерди тагынышат. Булардын баарысы шариатта ысырапчылык болуп саналат. Адам баласы ар бир кылган ысырап иши үчүн жазага тартылат.

Ошондой эле ысырапчылыктын түрлөрүнөн –той-майрамдарда, өзгөчө үйлөнүү тойлордо ысырапчылык кылуу. Ошондуктан биз той-топурларда, майрамдарда жеп ичкенде ысырапчылыкка жол бербешибиз керек.

Жогоруда айтылгандар чыныгы жашоодо болуп жаткан ысырапчылыктардын кыска гана бөлүгүн камтышы мүмкүн. Биз белгилүү гана түрлөрүн айтып өттүк. Ысырапчылык маселеси өтө кенен маселе, ар бир ой жүгүрткөн адам билсе болот. Андыктан Аллах Тааладан корколу! Ага кайтуубузду жана Анын алдында ар бир ишибиз үчүн тик туруп жооп берүүбүздү унутпайлы! Адам баласына өмүр бир гана жолу берилет. Эгерде азыр туура ой жүгүртүп, акыйкатка кайтам, туура жолго түшөм десеңиз, дагы да болсо кеч эмес. Алла Таала кечиримдүү.

Аллах Таала кереметтүү куран китебинде Өз пенделерин ысырапчылыктын бардык түрүнөн Ага тооба кылууга чакырып, эгер алар тооба кылышса, күнөөлөрүнүн канча экендигине карабастан кечирээрин кабарлап мындай дейт:

«(Оо, Мухаммад, пенделериме Менин атымдан) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Чындыгында Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу». (Зумар сүрөөсү, 53-аят)

Ошондой эле Пайгамбарыбыз да (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) намаздарында аттахият менен салам берүүнүн ортосунда:

«Оо, Аллахым! Менин мурунку жана кийинки, ачык жана жашыруун кылган күнөөлөрүмдү, кылган ысыраптарымды жана мендеги сен билген күнөөлөрдү кечире көр!», – деп дуа кылчу». (Имам Муслим риваяты)

Аллах Таала баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирип, иштерибизге ийгилик берсин! Чындыгында Ал дубаларды кабыл Кылуучу жана бардык нерсеге Кудуреттүү.

 

Макаланын автору: Орозокул уулу Асылбек